www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир жолу 17-мартта Аксы окуясы боюнча курултай болуп Кербен шаарын аралап андан ары жигиттер каза болгон жерде митинг, курултай болду. Түнкүсүн барып, кайра кечке маал тартканбыз, менин көңүлүм бөлүнгөнү жолдо булганыч дарыядан суу алып жаткандар болду. Кербен шаары эми гана таза сууга жетмей болду. Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация тутумун калыбына келтирүү” долбоору боюнча Кредиттик макулдашуу жана “Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана Инвестициялык гранттык макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Келишимдин алкагында долбоорду ишке ашыруу багытында 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 6,5 млн евро көлөмүндө каражат берилмекчи. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 3 жыл. Каражаттын 2,5 млн евросу жеңилдетилген насыя жана 4 млн евросу грант болуп саналат.
Белгилеп кетүүчү нерсе, долбоордун жыйынтыгы менен 27620 адам таза суу менен камсыз болуусу күтүлүүдө. Ошондой эле эл арасындагы сапаты начар таза суудан жуккан оорулардын саны кыскарат. Аталган долбоор жалпысынан өлкөнүн суу тармагынын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg