www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдүн жээгине кафе, көл бетине калкыма үй курууга уруксат берүү сунушталды.

Депутаттар Максат Алымбеков менен Табылды Муратбеков демилгелеген мыйзам долбоору көл бетине причал, жыгач аянтча, понтон жана калкыма үй курууга жол ачат.

Азыркы мыйзамда жээктен 100 метрге чейин капиталдык курулушка тыюу салынган. Долбоордо өзгөчө учурларда минкабдын чечими менен объект курууга, ошондой эле пирс, эллинг, тамактануучу жай жана агынды сууну тазалоочу системасы бар коомдук даараткана жайгаштырууга уруксат берүү сунушталууда.

Мындан тышкары, минкабдын чечими жана Улуттук илимдер академиясынын макулдугу менен көлгө мүнөздүү эмес балыктарды өстүрүүгө жол ачылат. Балык чарбалары экологиялык экспертизанын оң корутундусу жана тиешелүү уруксаттар менен көлдөн суу алып, тазаланган агынды сууну суу объектилерине агыза алат.

Последние новости