www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө жаныбарлар үчүн "Ак барс" илим-изилдөө жана реабилитациялык борбору курулууда. Бул туурасында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев билдирет.
Бул борбор Борбор Азиядагы атайын салынган биринчи комплекс болмокчу.
Анын аянты - болжол менен 1 600 чарчы метр. Комплекстин курамына илимий лаборатория, ветеринардык жана административдик блоктор, ошондой эле жапайы жаныбарларды реабилитациялоо борбору кирет. Курулуш иштерин август айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Жаратылыш министрлигинин маалыматына ылайык, "Ак барс" Борбор Азиядагы илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп, ветеринардык жардам көрсөтүлүп жана сейрек кездешүүчү жаныбарлар реабилитациялануучу алгачкы адистештирилген комплекс болот.
Мындан тышкары, борбор Ак илбирсти сактоо боюнча глобалдык программанын алкагында эл аралык илимий кызматташтыкты, тажрыйба алмашууну жана жаратылышты коргоо боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашыруучу аянтчага айланары күтүлүүдө.