www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлгө калкыма үйлөрдү, эллингдерди, ресторандарды жана балык чарбаларын курууга жол ачкан мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Долбоордун авторлору муну туризмди жана инвестицияны өнүктүрүү менен түшүндүрүшүүдө.

Бирок экологдор көлдүн экосистемасы мындай жүктү көтөрө алабы деген суроо жоопсуз калганын белгилешет. Алар жаңы объекттер саркынды суу, күйүүчү май, таштанды жана химикаттар аркылуу көлдүн булганышын күчөтүшү мүмкүн деп эскертишүүдө.

Айрыкча адистер мыйзамда «өзгөчө учурларда» курулушка уруксат берүү сыяктуу жоболор кийин экологиялык чектөөлөрдү айланып өтүүгө шарт түзүшү мүмкүн деп кооптонууда.

Ысык-Көлдө азыртан эле башаламан курулуш, тазаланбаган саркынды суу жана таштанды көйгөйү бар. Экосистема толук изилдене электе туристтик объекттерди көбөйтүү көлдү сактоо эмес, анын мүмкүнчүлүгүн ашыкча пайдалануу коркунучун күчөтөт.

Последние новости