www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда үрөй учурган окуя катталды. Өспүрүм кызынын кош бойлуу экенин уккан аял өзүн өрттөп, алган жаракаттарынан улам ооруканада каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-февралда милицияга Ак-Суу айылынын 2009-жылы туулган тургуну (16 жашта) кош бойлуу экени тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталып, өспүрүм кыз суракка алынган.
"Кызды суракка алуу учурунда анын апасы — 1985-жылы туулган М.А. — психологиялык абалына байланыштуу мыйзамдуу өкүл катары катышуудан баш тарткан. Мындан улам сурак бала коргоо кызматкерлеринин катышуусунда өткөн", — деп айтылат маалыматта.
Ошол эле күнү саат 21:00 чамасында М.А. үйүнөн чыгып кетип, өзүнө бензин куюп өрттөгөн. Ал Ысык-Көл облустук ооруканасына жеткирилгени менен, алган жаракаттарынан улам көз жумган.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Ак-Суу РИИБ тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.