www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө 55,3 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз менчиктештирилген 55,3 млн сомдук жер тилкелер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратудан билдиришти.

Жер мыйзамдарынын сакталышына карата жүргүзүлгөн текшерүүдө Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жалпы аянты 497 чарчы метр коммерциялык максатта пайдаланылган жер тилкеси жана Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылында жайгашкан 6 гектар жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында жогоруда белгиленген жер тилкелер 55 млн 361 миң сомго бааланып, мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Последние новости