www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик менчикке Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы жалпы аянты 226 гектар болгон жер тилкелери кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын натыйжасында мамлекетке Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 226 гектар жер тилкелери кайтарылды. Аталган жер тилкелери 1992–1994-жылдары мыйзамсыз түрдө муниципалдык менчиктин балансынан чыгарылып, бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү тургундар тарабынан айдалып келгендиги аныкталган.
Ошондой эле, айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери узак убакыт бою жерлерди муниципалдык же мамлекеттик менчике алуу үчүн зарыл болгон расмий жол-жоболорду аткарбай туруп, айрым адамдарга айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо максатында мыйзамсыз бөлүп берип келишкен. Бул үчүн мамлекетке ижара төлөмдөрү төлөбөгөндүгү аныкталды.
Жер тилкелеринин «Мамлекеттик айыл чарба жер фондусуна» кайтарылышы район аймагындагы жергиликтүү тургундар тарабынан иштетиле турган айыл чарба аянттарын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берип, азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин жогорулатат.