www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Атада мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма табылды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында майнинг-ферманын (криптовалюта алуу боюнча өндүрүш) мыйзамсыз иштеп келген. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Ал «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамына ылайык, расмий каттоодон өтпөй, эч кандай жыйымдарды төлөбөй иштеп келген.

Коопсуздук комитетинин маалыматында, ферма иш алып баруу үчүн 700дөн ашык жабдуу сатып алган.

Учурда майнинг-ферманын кожоюндарын аныктоо аракети көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2023-жылы майнинг-фермалардан бюджетке 93,7 миллион сом түштү.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости