www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көк жөтөл оорусуна көбүнчө эмделбеген балдар чалдыгып жатат. Бул тууралуу Бишкектин саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Бурул Асыкбекова билдирди.

Анын айтымында, көк жөтөл илдети былтыркыдан бери күч алууда. 2023-жылы бул илдетке чалдыккандардын саны 1 миң 708ге жеткен.

«Эмделбеген балдар ооруп жатат. Кыргызстанда көк жөтөлгө каршы 2-2,5-5 айда жана 5 жашында эмделет. Бирок акыркы жылдары көп ата-энелер мындан баш тартууда», — дейт дарыгер.

Бурул Асыкбекованын айтымында, оорунун кеңери жайылышынан улам 2 айга чыга элек наристелер дагы жуктуруп жатышат.

«2 айга чейинки балдар дагы ооруп жатат. Азыр илдетти азайтуу чараларын көрүү зарыл. Өзү мурда 4 жашка чейинки балдар ооруса, азыр андан чоңдор, улуу кишилер дагы жапа чегип жатат», — дейт ал.

Бурул Асыкбекова көк жөтөлдү жеңген баланы эмдөөнүн зарылчылдыгы жоктугун белгилейт.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости