www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Атада 100 орундуу төрөт үйү ачылат

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы оорукананын имаратына жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштери менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, оңдоо иштери аяктагандан кийин бул жерде 100 орундуу облустук төрөт үйүн ачуу пландалууда.

Чүй облустук саламаттык сактоо координатору Алмаз Аскаровдун маалыматына ылайык, капиталдык оңдоо иштерине Турукташтыруу фондунан каражат бөлүнгөн, иштерди үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына чейин бүтүрүү пландалууда.

Белгиленгендей, учурда Чүй облустук төрөт үйү мурда бала бакча болуп иштеген имаратта жайгашкан. Бул өз кезегинде толук кандуу адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүнү чектеп келет.

"Долбоорду ишке ашыруу кош бойлуу аялдарга жана энелерге медициналык жардам көрсөтүү үчүн заманбап жана талаптарга жооп берген шарттарды түзүүгө, ошондой эле эне жана баланы коргоо тармагындагы кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Последние новости