www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын саат 17:42ге карата берген маалыматына ылайык, Ысык-Ата районундагы «Такыр-Төр» көлү жырылган.

Учурда ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы жана жеке көзөмөлү алдында Алмалуу, Горная Серафимовка жана Нижняя Серафимовка айылдарында жарандарды эвакуациалоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Куткаруучулар коркунуч туудурган аймактан жалпы 180дей адам жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үйүнүн тургундарын толугу менен коопсуз жайга алып чыгышты.

Белгилей кетсек, министрдин буйругу менен ӨКМдин алдындагы ӨКга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинен адистер тартылып, дрон менен “Такыр-Төр” көлүнүн абалын тактоо жана көлдөн келип жаткан суунун агымын көрүү боюнча иштер үзгүлтүксүз уланып келген.

Ошондой эле жеринде көзөмөл пункту уюштурулуп, жумушту топ күчөтүлгөн режимде күнү-түнү көзөмөлдөп турушкан. Мындан тышкары атайын техникалар тартылып, даярдыкта уюштурулган. 

Саат 18:40ка карата алдын ала маалымат боюнча жырылып кеткен “Такыр-Төр” көлүнөн жабыркагандар жана материалдык зыянга учурагандар катталган жок.

ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев жеринен маалымат берди. 

Последние новости