www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 29-апрелде «Ынтымак Ордо» президенттик администрациясынын имаратында Кыргызстан менен Того мамлекеттеринин делегацияларынын ортосунда сүйлөшүүлөр башталды.
Президент Садыр Жапаров жана Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе делегация мүчөлөрү менен бирге жыйындар залына киришти. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча басма сөз өкүлдөрү үчүн билдирүү жасалары күтүлүүдө.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулоо, ошондой эле инвестиция, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, билим берүү, санариптештирүү жана башка тармактар боюнча бир катар документтерге кол коюу пландалууда.