www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Японияда болгон катуу зилзаладан ондогон адам жабыркады
Япониянын Кюсю аралында катары менен эки катуу жер титирөө катталды. Анын кесепетинен 50дөн ашык адам жабыркап, жолдор бузулуп, бир нече турак жай жараксыз абалга келген.
Алгач магнитудасы 7,1 болгон жер титирөө катталса, болжол менен бир сааттан кийин 6,1 магнитудалуу дагы бир силкинүү болгон. Андан бери ондогон афтершоктор катталды.
Жергиликтүү бийлик ыкчам штаб түзүп, куткаруу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Адистер жакынкы бир жуманын ичинде аймакта кайрадан жер титирөөлөр болушу мүмкүн экенин эскертишти.