www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күз жакындаганда кыргыз дуулдап, ким кетет, ким калат болуп, үлкөн саясатка божомол жүргүзөт. Бул “эшектин эски жоору” сыяктанган нерсе. Оо, илгери өкмөт башчылар менен министрлер күз айларында садага чабыла берип, эл да мындайга көнүп бүткөн. Ошондон болсо керек, күз жакындаган сайын Марлен Маматалиев менен Адылбек Касымалиевдин кызмат ордулары тууралуу ушак, айыңды ойлоп таап, өздөрүнчө дуулдап атышат. Алдыдагы толгон токой саясий иш чараларды бир четке кое туруп, жетекчилерди отставкага кетирет деген кыска ойлуулук биздин коомдо гана бар.
Жогорку Кеңешке жүктөлгөн вазыйпа абдан көп, эң ириде аймактардын көйгөйү турат. Сентябрдын соңуна чейин президенттик шайлоонун мөөнөтүн карашы керек. Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана Көчмөндөр оюндары сыяктуу үлкөн Эл аралык иш чаралар бизде өткөнү турса деле айрым саясатчылар айдактаган “диванный эксперттер” өлкөнүн жооптуу эки кызматы “нарыдан бери болот” деп жылжытып атышат. Албетте, алардын тилеги таш кабат деңизчи, бирок, ошол саясатчылар менен алардын билимсиз айдакчылары саясий анализден кур жалак экендиги өкүндүрөт.
Ушунча маанилүү иш чараларды көзүнө илбей, өлкөбүздүн кадыр баркына доо кетиргиси келгендер саясатчыларды бири бирине тукуруп, Марлен Маматалиев менен Талант Мамытовдун ортосуна от жагып атышат. Негизи, аты аталган тарап ошолордун “ит кыялына” суу бүркүп, өз пикирин билдирип коюшу керек.
Быйыл Жогорку Кеңеш калем, кагазды ыргытып, толук түрдө санариптешүүгө өттү. Мындай жетишкендик Марлен Маматалиевдин учуруна туш келип жатат. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде азырынча биринчибиз. Калгандары дале болсо, баштыгы кагазга толуп, жүдөп какап жүрүшөт. Көргүсү келгенге парламентте ийгилик көп. Маселен, мурдагылар Эльвира Сурабалдиева, Медер Алиев, Болот Ибрагимов сыяктуу бийликке тишин кайрагандар менен иштеше алат беле? Кыргыздын ар бир билимдүү уул, кыздарын жээрибей, аларга кызмат берген президентибиз менен спикерибиз бар. Азыр кабинетте үстөл кучактап отурган эч ким жок. Төрага акыркы эки айдын ичинде эле Ноокен, Базар Коргон, Сузак, Алай, Кара-Кол, Сокулук, Чолпон-Ата, Тоң, Түп, Чоң- Алай жана Бишкек шаарынын райондорунда тынбай эл менен жолугушуп, алардын арыз арманын угуп жүрөт. Кудайга шүгүр, таш бака жүрүштү таштап, илгерилеген экономика, инвестиция, алдыга жылган парламент бар.
Манас Осмон, журналист