www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кыргызстандагы Wildberries-Russ компаниясынын өкүлү А. Воробьев менен жолугушту.

Жолугушууда 18-июлга караган түнү Москва облусунун Электросталь жана Тамбов облусунун Котовск шаарларындагы Wildberries-Russ компаниясынын логистикалык комплекстерине учкучсуз учуучу аппараттар менен жасалган чабуулдун кесепеттери талкууланды.

Окуядан улам кампаларда товарлары сакталган Кыргызстандын тигүү тармагынын ишкерлери да жабыркаганы белгиленди.

Компаниянын өкүлдөрү учурда келтирилген зыянды баалоо иштери жүрүп жатканын маалымдашты.

Анын алкагында кампалардын жабыркаган бөлүгү аныкталып, сакталган товарларга, анын ичинде кыргызстандык ишкерлердин продукцияларына инвентаризация жүргүзүлүүдө.

Баалоо иштери аяктап, Wildberries-Russ тарабынан расмий маалымат берилгенден кийин жана Экономика жана коммерция министрлигинин жүргүзгөн талдоосунун жыйынтыгына ылайык, жаралган маселелерди жөнгө салуу жана биргелешкен чечимдерди кабыл алуу үчүн кошумча эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт.

Ошондой эле министрлик ата мекендик тигүү тармагынын ишкерлерине келтирилген алдын ала чыгымдын көлөмүн аныктоо үчүн сурамжылоо жүргүзүп жатат.

Wildberries-Russ компаниясы менен биргеликте жоголгон товарлардын так көлөмүн аныктоо жана келтирилген зыянды баалоо боюнча иштер уланууда.

Последние новости