www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тегеран шаарында жашаган ирандык ырчы Анита Папист 74 жолу камчы менен уруу жазасына тартылганын билдирди. 

Ырчы Instagram социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Тегерандын №1088 Эршад кылмыш соту аны «коомдук адеп-ахлакка зыян келтирген» деген айып менен 74 жолу камчы менен урууга өкүм кылганын маалымдады.

Паписттин айтымында, соттун чечими менен анын паспорту да алынып, мобилдик телефону өчүрүлгөн. Ал бул чаралар чыгармачылык ишмердүүлүгүнө жана адамдар менен байланышуу мүмкүнчүлүгүнө олуттуу тоскоолдук жаратып жатканын белгиледи.

Эскерте кетсек, бир ай мурун ырчы Парасту Ахмади ушундай эле жазага тартылган.

Последние новости