www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус президенти Украинадагы согушту токтотуу үчүн келишимди ким менен түзөөрүн ойлонуп жатат. Украинанын башмыйзамы боюнча президент 5 жылга шайланат. Ал эми Володимир Зеленскийдин мөөнөтү небак бүткөн. Андыктан, анын чыгарган чечимдери, кол койгон мыйзамдары, дайындаган мамлекеттик кызматкерлери бүт бойдон легитимсиз.

Мындай абалда Украинанын Орусия менен үстөлгө отуруп, келишим түзөөр эч кимиси жок. Жума башында АКШнын президенти Доналд Трамп Зеленский менен бирге Европанын лидерлерин кошо чакырып, "сүйрү бөлмөсүндө" түз жыйын курду. Чу деген эле деген жерде Крымды кайра кайтаруу мүмкүн эместигин, Украинанын НАТО блогуна кабыл алынбай турганын билдирди.

Ошол эле кезде Киевге Европанын да, эшиги жабылды. Трамп Европанын лидерлери менен жолугушуусун 40 мүнөткө токтото туруп, Путин менен сүйлөшүүгө да үлгүрдү. Эми үчилтик жолугушуу болоорун, ошондо гана келишимдерге кол коюулаарын кыйытты.

Бирок, Путин Украинанын бийлиги мыйзамсыз болгондуктан кол коёрго эч кимиси жок деп эсептейт. "Киевдин маанилүү чечимдерин Вашингтон чечет. Калган майда барат маселелерин Европа чечип калган. Анан, биз кайсы бийлик менен кол коёбуз",- деди орус президенти.

Мындай аракет Володимир Зеленскийдин отставкасын керектирет. Эгер Орусия талап кылгандай, Украина куралдуу күчтөрүн азайтса, орус тилин экинчи расмий тил кылса, Донбасс аймагын өткөрүп берсе, НАТО жана Европа биримдигине кирүү арзусунан кайтса, Зеленский отставкага кетсе, анда, согуштун токтоор ыктымалы күчтүү. Болбосо, орус оюнан кайтаар эмес.

Манас ОСМОН, эркин журналист

Последние новости