www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөбүздүн волейбол боюнча курама командасы Азиянын Борбордук зонасы боюнча чемпионаттын жеңүүчүсү аталды. Мелдеш ушул жылдын 19-августунан 24-августуна чейин Непалдын борбору Катманду шаарында 7 команданын катышуусунда өттү.

Кыргызстандын курама командасы тайпалык баскычта Непал менен Мальдив аралдарынын курама командаларын 3:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалда бул зонанын учурдагы чемпиону Түркмөнстандын курама командасы менен беттешип, аны да 3:0 эсебинде жеңип алды.

Ал эми 24-августта өткөн финалдык оюнда курама командабыз Өзбекстандын курама командасы менен беттешип, 3:0 эсебинде ишенимдүү түрдө жеңишти камсыздашты.

Эске сала кетсек, юридика илимдеринин кандидаты, КРнын Эмгек сиңирген юристи, генерал-лейтенант, мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев 10 жылдан бери КРнын Волейбол федерациясын жетектеп келет.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости