www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Биздин сизге кайрылганыбыздын себеби, Ысык-Көлдүн кулуну элдин уулу Садыр Жапаровдун азыркы учурда адилетсиз соттордун чечими менен абакта жатканы, баардык эле кыргыз элине белгилүү жана жүрөгүн оорутуп турат. Сиз шайлоо үгүттөрү жүрүп жатканда Кудай алдында ыйманыңыз таза экенин, эл сизди тандап шайласа тек адилеттүүлүктү бекем тутунаарыңызды баса белгилеп айтып жатасыз. Элге убада кылган ар бир убадаңызды кайталап айтуунун кажети жок деп ойлойбуз.

Эми сизден ар бир кыргыз адилеттүүлүктү, көрөгөчтүктү, чечкиндүүлүктү, мээримдүүлүктү, кечиримдүүлүктү, чыныгы мекенчилдикти аба суудай күтүп турган кези.

Биздин уулубуз Садыр Жапаров ар дайым чындыкты туу туткан  баардык жагдайга акылдуулук менен баа берген, ар бир ишти далили менен сүйлөгөн  жана туура кадам жасаганга үндөп, үйрөткөн инсан.     Учурда Садыр Жапаров түрмөдө бей күнөө олтурганын Сиз дагы эң жакшы билесиз. Ошондуктан Садыр Жапаровду Жогорку соттон актап алып чыгуу менен, падышалык тактагы биринчи ийгилигиңиз болмок. Бизге ишенип коюңуз!

Келечек үчүн, кыргыз үчүн кантип күйүп, кантип сүйүш керек экенин Садыр Жапаров  жалпы кыргыз элинин астында жигитче көрсөтө алды.  Биринчи ишиңизди көрөлү, эл күткөндөй болбосо, албетте кайрадан чындык үчүн күрөшүүдөн кайтпайбыз жана келечек үчүн күрөшүүгө дайым даярбыз! Элдин үнүн угуңуз урматуу президент!

Сизди терең урматтап Ысык-Көл элинин тургундары

Булак: NazarNews.kg

Последние новости