www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда Түркиядан эвакуацияланган студенттердин карантин мөөнөтү дагы эки жумага узартылды. Бул тууралуу Атырау облустук акимчилигинин басма сөз катчысы Ержан Калымбайулы билдирди.

Анын айтымында, студенттердин карантин мөөнөтүн узартууга алар менен чогу учуп келген жүргүнчүлөрдүн биринде коронавирус табылганы себеп болду.

«Казакстанга келгенден кийин студенттер текшерилип, коронавирус табылган эмес. Бирок алгачкы эки жуманын ичинде алар менен учуп келген үч киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ошондуктан санитардык нормаларга ылайык, карантин дагы эки жумага узартылды», — деди басма сөз катчы.

Өз кезегинде студенттер эки жумалык карантин аяктагандан кийин аларды үй карантинине алса болмок деп эсептешүүдө. Айтымдарында, акыркы жолу текшерүүдөн кийин аларда коронавирус табылган жок.

Эки жумалык карантинди Атырау шаарындагы жатаканада өткөргөн студенттер алгач жаңы курулуп бүткөн көп кабаттуу бош үйлөрдүн бирине жайгаштырылган. Бирок ата-энелер андагы шарттарга даттангандан кийин шаардагы санаторийлердин бирине которулушту.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости