www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда тараган видеонун улгайган кишини чаап-тепкен айдоочу кармалып, Бишкек ШИИБдин кызматкерлерине көрсөтмө берди. Айдоочунун айтымында, машина токтотуучу жайда иштеген киши өзү айдоочуну сөгүп, машинасын тээп салган.

"Кечээ кызым сыркоолоп калып, маанай жок абалда поликлиникадан келе жаткам. Машина токтотуучу жайда иштеген киши "сен токтоп тур, мен бул жактан башка машинаны чыгарып жиберейин" деди. "Мен шашып баратам" десем, капталдан чыгып туруп машинаны тээп салды. Машинадан чыгып "эй, байке эмне кылып жатасыз" десем, жанын жеп "эй, эшек сен менин бутумду тебелеп салдың" деп калп айтты. Жиним келди", — деди айдоочу.

Эске сала кетсек, белгисиз жаран "мерседес" унаасы менен мамлекеттик номери "N1111B" улгайып калган унааны жайгаштыруучу адамды сүзүп анысы аз келгенсип сабап да салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости