www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊеште Улуу Ата мекендик согушта курман болгон же дайынсыз жоголгон адамдардын жакындарына социалдык кепилдиктерди берүүгө багытталган “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, ал тармактык комитетке экинчи окуунун режиминде кайра кайтарылды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Аида Салянова.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов тармактык комитет Өкмөттүн сунушу боюнча мыйзам долбоорун четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алганын билдирди. «Бул жерде кандайдыр бир саясат деле жок, жакшы долбоор. Комитет жыйындарында көп талкуу жүрдү, ар кандай пикирлер айтылды. Өкмөт мыйзам кабыл алынып калса, аны аткарууга эч мүмкүнчүлүк жок экенин билдирди. Алардын айтымында, аны каржылоо булагы табылган эмес. Ал үчүн кеминде 20 млрд сом керек. Азырынча бюджетте анчалык каражат жок», - деди ал.

Депутат Аалы Карашев жакшы долбоор экенин, бирок кемчиликтери да бар экенин белгилеп, ошондон улам аны Өкмөт менен биргелешип кайра иштеп чыгуу зарылдыгын айтты. Ал эми депутат Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, ата-бабалардын арбагын сыйлап, жакшылап издесе каражат табылат, ошондуктан мыйзам долбоорун тармактык комитетке экинчи окуунун режиминде кайра кайтаруу керек. Мындай сунушту бир катар депутаттар колдоду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости