www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаарда жолбун иттер көбөйдү. Таштанды челектердин жанынан өткөндөн коркосуң. Сагалап эле турушат, депутаттыкка талапкер шайлоочуну сагалагандай эле. Андан дагы талашка түшкөн иттерди кожоюндары көчөдө ээн-эркин, оозкапсыз сейилдетип жүргөндөрдү көп көрөбүз. Айбандын оюнда эмне бар ким билет? Жанында өтүп бара жаткан адамга, балага кол салбайт деп ким кепилдик берет?

Мисал катары айта кетсек, Түркиянын Стамбул шаарында көчөдө басып бара жаткан кичинекей кыз талашка түшүүчү питбуль породасындагы иттин таландысына калган. Кыздын ачуу кыйкыруусуна апасы дароо чуркап келип, итти кызынан бошотуунун амалына киришет. Далайга салгылашып отуруп, акырында кызын куткарганы менен ал ит кыздын апасына чабуул койгон. Окуянын толук чоо-жайын төмөндөгү тасмадан көрсөңүздөр болот.     

Булак: NazarNews.kg

Последние новости