www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) тараткан маалыматка караганда, Бишкектин Свердлов райондук салык кызматынын өкүлү 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Маалыматка караганда, бул мекемеге жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, салыкчы андан ишти оң жагына чечип бериш үчүн акча талап кылып жатканын айтып кайрылган.

Бишкек шаардык прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 313 (“Пара талап кылуу”) беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Тергөө, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости