www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Учурда 20 жаштагы уулум Рустам да камакта. Табарсыкка катуу тебелген окшойт. Саламаттыгына сарсанаа болуп жатам. Балам менин жанымда эле турган, кандайча кармап кеткенин байкабай да калдым. Кармалган күнү абалы оор болуп, 4-ооруканага алып барышыптыр.
Бирок денеси сыйрылган, эч нерсе болбойт деп кайра камашыптыр. Табарсыгы эмне болгону белгисиз. Балам жаш болуп, сезбей жатат окшойт. Ички органдарын УЗИден караш керек. Мен жогору жактагыларга кайрылам эки балам болгону атасы менен учурашып калалы деп барышкан. Алар кылмышкерлер эмес, адам өлтүргөн жок, уруулук кылган жок.
Камалаган күнөөсү жок балдар, үй камагына чыгарылсын деп суранам. Канча энелер кайрылып жатышат. Мендей болгон энелердин үнүн угуп койгула. Мен эки баламдын ден соолугун ойлоп жатам. Алар зомбулукка кабылбашы керек. Аларда эмне күнөө....? Атасы сырт жакта Мекенине келе албай жүрсө, балдар да атасын сагынат да. Атасы Кыргызстанга келе жатса ,мен кантип камап коем. Бир үйдөн 7 адам камалып жатат. Алмаз Шаршенович деле, бир убактары УКМКнын кишилерине "балдарыма тийбе" дегенин унутуп калдыбы?-деген пикирин билдирди Садыр Жапаровдун жубайы.
Булак: NazarNews.kg