www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Telegram аркылуу баңги зат сатып алууну көздөгөн. Бирок жыйынтыгында баңги заттан да, акчасынан да жок калган.

Депутат муну эксперимент үчүн жасаганын, өзүнүн YouTube каналына чыгарган видеодо кеңири айтып, ар бир кыймылын башынан баштап көргөзүп берет. Анын айтымында, эл өкүлүнө кыргызстандыктар интернет аркылуу баңги зат саткандарга бөгөт коюп берүү талабы менен кайрылышкан.

Видеодо байкалгандай, Телеграмдын месенжери аркылуу наркодилерге байланышкан Бекешов атайылап жаргон сөздөрүн колдонуп баңги заттын баасын билүүгө кызыкты. Көп күттүрбөй депутатка тизмектелген баңги заттарынын түрү жана алардын баалары жазылган жооп келип, мобилдик капчык аркылуу төлөнгөн дүмүрчөк көрсөтүлгөндөн кийин гана товардын катылган жерин айта турган болду. Айтылгандардын баарын кынтыксыз аткаргандан кийин депутат алданып калганын түшүнгөн.

Бекешев мындай баңги зат сатуучулар менен мамлекеттик органдар кантип күрөшөт деп кызыгып, тиешелүү түзүмдөрдүн баарына кайрылганын айтат. Тилекке каршы бир дагы орган эч нерсе кыла албасын билген.

Ал эми Улуттук банк 2020-жылдын 1-октябрынан кийин гана электрондук акчалар менен иштей баштаарын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости