www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда жол менен унааларды дезинфекция кылып жаткан кишинин видеосу талкууга түштү.

Автордун айтымында бул Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында тартылган. Анда киши атайын костюм жана бет кап жок эле, башына шапка, бутуна галош кийип алып, дезинфекциялап жатканын көрүүгө болот.

Кыргызстанда коронавирус биринчи жолу 18-мартта катталган. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 3 адамдан коронавирус аныкталган. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, алардын тесттеринин жыйынтыгы ошол эле түнү Бишкектен чыккан. Вирусту жуктуруп алгандар Араб Эмиратынан 12-мартта келишкен.

Эске сала кетсек, кечээ, 20-мартта коронавирус дагы үч адамдан аныкталганын Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев  маалымат жыйынында билдирген. Алар Ноокат районунун тургундары. Умра сапарына барып келген бул тургундар изоляцияга алынган.

Мындан сырткары, бүгүн, 21-мартта Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков дагы 6 учур катталганын маалымдаган. Алардын бешөөсү Сузак районунда, бирөө Баткенде катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости