www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус чыккан Ухань шаарынын  тургундары соода түйүндөрдө азык-түлүк талашып, мушташууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Кытайдын Ухань шаарындагы коркунучтуу илдеттин жайылышы менен жашоочулар үчүн аэропорттор, темир жол станциялары 22-январда жабылган. Көп нерсеге чектөө коюлгандыктан шаар тургундары азык-түлүк талашып, соода түйүндөрдө башаламандык жаралууда.

Белгилей кетсек, акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда 830га чукул адам вируска кабылса, алардын ичинен 95и оор абалда, 25ге жакын адам каза болгону айтылууда.

Мындан тышкары, 13 провинциядагы 275 адам жаңы типтеги коронавируска кабылышы мүмкүн деп каттоого алынган. Буга байланыштуу 22-январда коронавирус чыккан, 11 миллион эли бар  Ухань шаарынын Хубэй провинциясына  кирип-чыгууга тыюу салынган.

Эске салсак, аталган оору Тайванда, Түштүк  Кореяда, Японияда, АКШда жана Таиландда катталды. Ал эми Сингапур,  Гонконг жана  Австралияда бул ооруга окшош вирус табылган. 

 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости