www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Садыр Жапаровдо элдин ишеними зор”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.
--“Бүгүн көпчүлүк элдин колдоосу менен шайланган президентибиз Садыр Жапаровдо ишеним рейтинги зор. Ал мурунку системалык кемчиликтерди оңдойт, баштаган Конституциялык реформасы келечекте экономиканын өнүгүүсүнө, элдин турмушунун жакшырышына алып барат деген үмүт менен күтүүдө. Андыктан, биринчи кезекте ички туруктуулукту камсыз кылуу, аймактын бүтүндүгүн жана чек ара коопсуздугун сактоо иш-аракеттеринде президентибизге ар бирибиз колдон келген жардамыбызды берип, сунушубузду, сын-пикирибизди айтып, биргелешип ишке ашырууга барышыбыз абзел. Ал азыркы жаштарга айтаарым өлкөнүн келечеги силердин колуңарда. Аракет кылып гүлдөгөн мамлекеттердин катарына кошуп, экономиканы көтөргүлө”, - дейт саясатчы.
Булак: NazarNews.kg