www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тегерандагы Шахид Бехеш университетинин студенттери окуу жайдын алдына сүрөтү тартылган АКШ жана Израилдин желегинин сүрөтүн тепселеп өтүүдөн баш тартышты. Маалым болгондой өлкөнүн билим берүү министрлиги шаардагы бир топ билим берүү мекемелерине ушундай желектердин сүрөтүн тартып, коомдун бул өлкөлөргө болгон кастыгын күчөтүү максатын көздөшкөн. Бирок ал оңунан чыкпай, тескерисинче, студенттер жерге тартылган сүрөткө аяр мамиле жасап, кимде-ким аны атайылап тебелеген болсо аларды бир ооздон уяткарууда. Андан сырткары, студенттер 8-январда Тегеранда кыйраган учак боюнча Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун жана өлкө жетекчилери жоопко тартылышы керектигин айтып, “Душмандар сыртта эмес, душмандар өзүбүздүн арабызда”, - дешүүдө.

Белгилей кетсек, 8-январда Тегеранда украиналык учак 176 жүргүнчүсү менен атып түшүрүлгөн. Анын кесепетинен бардык жүргүнчүлөр каза болгон. 11-январда Иран учакты өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү атып түшүргөндүгүн айтып, студенттердин нааразычылыгын аларды митингге алып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости