www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО-Ирандык балбан кыргыз балбанын көзүн чукуп алган учуру

Индияда өткөн Азия Чемпионатта көзүнөн жабыркаган Улукбек Жолдошбековдун беттештеги видеосу интернет айдыңына тарады. Ал 23-февралда ирандык балбан Алмас Дастан менен беттешип жатып көзүн жабыркатып алган.

Беттештин 3:20 мүнөтүндө ирандык балбан Улукбек менен күрөшүп жатканда ал көзүмө колун тыгып жиберип, көзүнүн ичи айрылып кеткен. Бирок, беттеш аягына чыккыча Улукбек чыдамдуулугун көрсөтүп, болжол менен бир нече секундага чейин килем бетинен кетпей кармашып атаандашын чийинден чыгарган.

Кийин дарыгер Насырова Бактыгүл спортчуга дары таап тамызып, бир аз жакшы болуп калгандан соң, кайрадан беттешке кайтып келген да, атаандашын 4:2 эсебинде жеңип алган. Андан кийин дагы бир нече ирет кармашып, финалга чыккан.

Улукбек Жолдошбеков 24-февраль күнү Кыргызстанга учуп келген. Ушул тапта дарыланып жатат.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости