www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу ЖМКларга Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү Рыспай Садыков ырастаган.

Маалыматка ылайык, мурдагы бажычыга байланыштуу ишти тергеп жаткан Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрү сотто Кимсановду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтиришкен. Алар мунун себебин Кимсановдун жаш балдары бар экендиги менен түшүндүрүшкөн.

Сотто прокуратуранын өкүлү да өз позициясын билдирген. Тараптарды уккандан кийин судья Эмилбек Кимсановдун бөгөт чарасы катары үй камагын тандаган.

Белгилей кетсек, ИИМ Төлөгөн Рахманберди уулу менен Эмилбек Кимсановго 2018-жылы Чүй облусунда ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиевди токмоктоого шектелип жатканын билдирип аларга издөө жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости