www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Атада каракчылык кол салууну алдын ала пландаштырууга шектүүлөр колго түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Ата РИИБине К.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 18-февралда болжол менен саат 23:00 чамасында Чүй облусунун Кемин районунун айланма жолунда анын А. аттуу таанышы жана өздүгү аныкталбаган эки жаран алтын зер буюмдарын сатуу шылтоосу менен жолугушууга чакырып, белгисиз үлгүдөгү кара түстөгү тапанчага окшош буюм менен коркутуп, акча каражатын ачык түрдө тартып алууга аракет кылышканын билдирген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 18-февралда болжол менен саат 23:00 чамасында 2001-жылы туулган Д.А., 1998-жылы туулган Ж.А. жана 1997-жылы туулган Д.К. аттуу жарандар алдын ала сүйлөшүп, каракчылык кол салууну алдын ала пландаштырып, Макаров үлгүсүндөгү тапанча менен куралданып, «Lexus» үлгүсүндөгү автоунаа менен Кемин районунун айланма жолуна кылмыш жасоо максатында барышканы аныкталган.
Бирок алар кылмыштуу ниеттерин аягына чейин ишке ашыра алышкан эмес, анткени алар милиция кызматкерлери тарабынан кармалышкан.
Аталган факт боюнча Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 36 жана 207-беренелеринин (Каракчылыкка даярдык көрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сот тарабынан алардын ар бирине карата эки ай мөөнөткө камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.
Кылмыш иши боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда. Анын жыйынтыгы боюнча айыпталуучулардын аракеттерине юридикалык баа берилип, иш боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынат.