www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте автобуста чыр салган аялга карата протокол түзүлдү. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Октябрь РИИБдин Тергөө кызматына Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын юристи С.Н. арыз менен кайрылган. Анда 2026-жылдын 4-апрелинде саат 18:00 чамасында Б.Баатыр менен А. Токомбаев көчөсүнүн кесилишинде автобустун ичинде белгисиз аял транспортту токтотууну талап кылып, айдоочуну оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, анын аброюна шек келтиргендигин билдирген.
Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин МЭЖге катталып, анын негизинде тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Текшерүүнүн алкагында райондук башкармалыктын кызматкерлери тарабынан 1971-жылы туулган Э.С. аттуу жаран аныкталып, Октябрь РИИБге жеткирилген. Андан ары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинин (майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлдү.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда белгисиз аялдын автобусту уруксат берилбеген жерден токтотууну талап кылып, чыр салган видеосу талкуу жараткан.