www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада зордукчул атасын бычактап өлтүргөн үч эже-сиңдилер тууралуу кошумча маалыматтар көбөйүүдө. Жакында үч армян улутундагы эже-сиңдилер 57 жаштагы атасын бычак менен өлтүрүп салышканы кабарланган. Маалыматтарда, атасы үйгө мас абалында келип, кыздарын бычак менен коркутуп, кичүү кызын жараланткан. колунан бычакту тартып алган кызы атасына бычак сайып, ал ошол жерде жан берген. Жарадар болгон кызды ооруканага жаткырып, эки улуусун милиция бөлүмүнө алып кетишкен.

Кыздардын жакын курбусунун айтымында, атасы кыздарынын дайым кордоп келгенин уккан. “Аларды чечинүүгө мажбурлап, кармалачу экен. Айтууга ооз барбаган нерселерди жасачу”. Айтымында, эки жыл мурун кыздардын бири өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул окуя атасын бир азга соолуктуруп, бирок көп өтпөй кайра эле баягы кылыктарын жасай берген. Кыздарын тапанчанын кундагы менен уруп, апасын сабачу. Ага чыдабаган апасы эки жыл мурда зөөкүр күйөөдөн качып кетип кутулган. Ошондон кийин атасы кыздарын мектепке жөнөтпөй койгон, улуу кызы гана окууну аяктаганга жетишкен. Аларды достору менен мамиле курууга да тыюу салып, коңшуларынын айтымында акыркы жылы дээрлик камак абалында кармаган.

Үй-бүлөгө жакын дагы бирөөнүн айтымында, кыздардын атасына шизофрения диагнозун коюшкан. Ал кыздарын ачкачылык менен жүдөтчү, токойго алып барчу, өлтүрөм деп коркутчу. А батирдин дубалдарында октордун издери табылган: өзүнө ээ боло албай калганда курал менен аткылачу.

Батирди тинткенде ал жерден куралдардын арсеналы жана наркотиктер табылган. Коңшуларынын белгилешинче, маркум эч жерде иштеген эмес, криминал менен байланышта болчу. Ай сайын белгисиз бирөөдөн бир кездери “куткарып калганы үчүн” 200 миң сомдон алып турчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости