www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жоргоку Кеңештин депутатты Алтынбек Сулайманов жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде Өмүрбек Бабановдун эң башкы катасы катары анын коркоктугун айтты.

“Бабановдун катасына эми эл баа берет болуш керек, мен бир болгон окуяны айткым келет: 2010-жылы биз парламенттик шайлоого “Республика” партиясы менен чогуу аттанганбыз. Ошондо Өмүрбек Бабанов менен Өмүрбек Текебаев чогуу интервью берип калды. Текебаев анда Бабановго: “Чоң жолго аттаныпсын, сенин атың да мага окшоп Өмүрбек, ошондуктан же эч нерседен коркпос бол, же атыңды өзгөрт” деп Александр Македонскийдин бир мисалын келтирди.  Биз анда буга жакшы маани берген эмеспиз, азыр эми турмуш көрсөтүп жатат. “Согуштан баш тарткан жоокер кыңк этпей душманына баш ийет” дейт.  Ошондой болуп калды менин оюмча”,-дейт депутат Алтынбек Сулайманов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости