www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-июлда «Аэрофлот» россиялык авиакомпаниясынын чартердик каттамы аркылуу Кыргызстанга 45 ыктыярдуу дарыгер Москвадан учуп келди. Алар коронавирус жана пневмония илдеттерине каршы күрөшүп жаткан саламаттыкты сактоо мекемелерине жардам берүүгө аттанышкан. Бирок аларды «Манас» эл аралык аэропортунан эч ким тосуп алган эмес.

Өкмөттүн аппараты түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, дарыгерлери тосуп алуу иштерине Саламаттыкты сактоо министрлиги жооптуу. Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров аларды аэропорттон тосуп алууга милдеттендирилген эмес.

Аткаминерлер кошумчалагандай, Саламаттыкты сактоо министрлиги маанилүү себептер менен Кыргызстанга келген ыктыярдуу дарыгерлерди тосуп ала алган эмес. Учурда ал маанилүү себептер тууралуу так маалымат жок.

Буга чейин Шахмат федерациясынын вице-президенти Жаныбек Асанбеков, ыктыярдуу дарыгерлерди вице-премьер Акрам Мадумаров жана Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов тосуп алышы керек болчу деп маалымдаган.

Эске сала кетсек, Москвадан келген дарыгерлер стационарларда кызыл зоналарда иштешет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости