www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан 20 жыл мурун Ош шаарында, Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы ооруканаларда медициналык каталардан улам жүздөгөн балага ВИЧ инфекциясы жуккан. Бүгүн алардын көбү бой жетип, үй-бүлө кура баштады.

Жаштарга түгөй табууга алардын энелери түзгөн “Жуучулар” WhatsApp тайпасы жардам берүүдө. Бул тайпа аркылуу ВИЧ статусу бар жаштар бири-бирин түшүнгөн үй-бүлөлөрдү түзүп жатышат. Маалыматка ылайык, он чакты жуп баш кошуп, балалуу болушкан.

Адистер белгилегендей, ВИЧ менен жашаган адамдар дарыларын үзгүлтүксүз ичсе, вирустун деңгээли төмөндөп, инфекцияны жугузуу коркунучу азаят жана дени сак бала төрөлүшү мүмкүн.

Ошол эле учурда жаштар жумуш, турак жай жана коомдук басмырлоо маселелерине туш болуп жатышат. Энелер бийликтен балдарына турак жай маселесин чечүүгө жардам берүүнү суранышууда.

Последние новости