www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Австриянын Браунау-ам-Инн шаарында Адольф Гитлер төрөлгөн үй расмий түрдө полиция бөлүмү катары иштей баштады.
Бийлик имаратты неонацисттердин зыярат жайына айланып кетишине жол бербөө максатында полициянын карамагына өткөргөн. Өкмөт имаратты 2017-жылы мурдагы ээсинен мажбурлап сатып алып,
2019-жылы аны полиция бөлүмүнө айлантуу чечимин кабыл алган.
Үйдүн алдында Маутхаузен концлагеринен алынып келинген «Фашизм – эч качан кайра болбосун» деген жазуусу бар эстелик таш сакталып калган. Гитлер бул үйдө 1889-жылы төрөлүп, анда бир нече жума гана жашаган.