www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы тарабынан республиканын бардык аймактарында, бардык облустарда, райондордо жана шаарларда, ошондой эле Бишкек шаарындагы бардык базарлардагы ветеринардык дүкөндөрдө жана ветеринардык аптекаларда мониторинг жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында ветеринардык аптекалар текшерилип, ветеринардык дары-дармектердин сакталуу шарттары, сапаты жана аларды сатуу эрежелеринин талаптарга шайкештиги өзгөчө көзөмөлгө алынды.
Мониторингдин жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталган жок. Бардык ветеринардык дары каражаттары белгиленген талаптарга жана стандарттарга ылайык шарттарда сакталганы жана сатылып жатканы тастыкталды.
Ошондой эле текшерүүлөрдүн жүрүшүндө ветеринардык аптекалардын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ЕАЭБдин чечимдеринин талаптарын сактоо боюнча профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү консультациялар берилди.
Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы мындан ары да коопсуз жана сапаттуу ветеринардык дары каражаттары менен камсыз кылуу, ошондой эле алардын сапатын көзөмөлдөө багытында иш-чараларды улантат.