www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигин уюштуруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө жана «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасы менен Венгриянын саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыздоо максатында токтом кылынат:

 Будапешт шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигин уюштуруу.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине:

—  Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилигинин ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүү;

—  өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирүү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости