www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте ээнбаштыкка шектелгендер кармалды, деп билдирди 9-сентябрда Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы.

7-сентябрда «Vefa» соода борборунда төрт жаран жубайларга кол салган. Алгач алар аялга тийишип, күйөөсү коргоого аракет кылганда, аны сабашкан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Ээнбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан 2004-жылы туулган М.Р., 2004-жылы туулган И.К., 1992-жылы туулган Б.Б. жана 2001-жылы туулган А.А. аттуу шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Последние новости