www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
15-майда Лан шаарында Кыргыз Республикасынын Валлониядагы Ардактуу консулдугунун расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Бул Бельгия Падышалыгындагы Кыргызстандын экинчи ардактуу консулдугу болуп эсептелет. Буга чейин Фландрия аймагындагы Руселар шаарында биринчи ардактуу консулдук ачылган.
Маалыматка ылайык, жаңы консулдуктун ачылышы Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Ачылыш аземинде Ардактуу консул К. Годиссарга кеңсени жасалгалоо үчүн Кыргыз Республикасынын расмий атрибутикасы тапшырылды.
Иш-чарага Бельгиянын тышкы саясий ведомствосунун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Валлониянын ишкер жана коомдук чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү, консулдук корпустун мүчөлөрү жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.