www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 18-майда Баку шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк шаарлар форуму (WUF13)нда сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы форумга Илхам Алиевдин чакыруусу менен катышты. Иш-чарага дүйнөнүн 182 өлкөсүнөн 45 миңден ашуун делегат, ошондой эле 20га жакын мамлекет жана өкмөт башчылары катышууда.

Президент өз сөзүндө шаарларды туруктуу өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшү жана турак жай жеткиликтүүлүгү маселелерине токтолду. Ал Кыргызстан тоолуу өлкө катары тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.
Садыр Жапаров мөңгүлөрдүн эриши, климаттын өзгөрүшү жана миграция тоолуу шаарларга олуттуу таасир тийгизип жатканын айтып, тоолуу шаарларды өнүктүрүүнүн үч негизги багытын атады. Алар — экосистеманын туруктуулугун камсыздоо, тоо урбанистикасы боюнча инновацияларды иштеп чыгуу жана жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Мындан тышкары, Президент Эл аралык тоолуу шаарлар ассоциациясын түзүүнү сунуштап, анын штаб-квартирасын Бишкек шаарына жайгаштырууга даяр экенин билдирди.

Мамлекет башчысы ошондой эле турак жай курулушу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, 2025-жылы Кыргызстанда 1,8 миллион чарчы метрден ашык турак жай пайдаланууга берилген.

Ипотекалык механизмдер аркылуу 4600дөн ашуун үй-бүлө жаңы батирге ээ болгон.
Президент Бишкек шаарында Борбор Азиядагы биринчи таштандыларды кайра иштетүүчү завод ачылганын да эске салды. Завод жылына 365 миң тоннага чейин таштандыны кайра иштетип, 30 мегаваттка чейин электр энергиясын өндүрүүгө багытталган.

Мындай долбоорлорду Каракол жана Ош шаарларында да ишке ашыруу пландалууда.
Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров Кыргызстан туруктуу жана инклюзивдүү шаарларды өнүктүрүү боюнча эл аралык кызматташууга даяр экенин белгиледи.

 

Последние новости