www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун тургуну “Теңир тоо ынтымагы” коомунун төрагасы Урматбек Акунов бүгүнкү митинг тууралуу пикирин билдирди.
--Атамбаевдин жанында колдоп жүргөндөр уялбай митингде жүрүшөт. Кайсы беттери менен. Так ушулар Атамбаев айтканын аткарып жаман үйрөткөн. Эми Аида Саляновалар өзү айткандай “обончулардын” ролуна өттү. Ооба ага обончу болгон өтө жарашат экен. Эми сотторго акыл үйрөтүп коёт. Баш прокурор болуп турганда Атамбаевдин эшигин тээп кирип каалаганча тайраңдаган ушул Салянова. Убагында мурдагы депутат Бөдөш Мамырова Жогорку Кеңештин трибунасынан колун кезеп туруп, “Аида Жеңишбековна өзүңүзгө келиңиз” деп эскерткен эле...Тилекке каршы Аида айым кайра өзүн жоготуп койгон. Ошол эле Салянованын күйөөсү элди уулуу көмүр менен ууланткан. Кайсы бети менен аянтта сүйлөп жатат түшүнүксүз. Керек болсо буларды коррупцияга шектүү деп кылмыш ишин козгош керек. Бир эле мисал айтайын “Кыргызгазды” Алмазбек Атамбаев 1 долларга сатканда мурдагы V-чакырылыштын төрагасы Акматбек Келдибековдон башкасы бир дагы депутат үн каткан эмес. Ошол эле Акматбек Келдибековду, Садыр Жапаровду жана өзүнүн агалары Түлеевдерди сызга эмес ылайга олтургузуп, мыйзамсыз Атамбаевдин буйругу менен ушул катын каматканын эл кантип унутуп калсын.
“Ата-Мекен” партиясы мындан ары партиясынын аброюн сактап калам десе, Текебаевин кайра-кайра көтөрүп чыга бербеши керек, азыр жок жерден камакта жаткандар толтура, деди Урматбек Акунов.
Булак: NazarNews.kg