www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун тургуну, активист Урмат Акунов, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 9-май Жеңиш күнүндө эл катарында жүрүштө бара жаткандыгын элге жагынуу жана анын кезектеги артистик кадамы дейт.
--Атамбаев алты жыл президент болуп Кыргызстанды башкарды. Ошол Президент кезинде бир да жолу 9-майда элге басып келбей койгон. Эми минтип эл керек болгондо жөө жалаңдап чуркап келип эл катарында басымыш болуп өзүн элдик кылып көргөзгүсү келип пиар жасап жатат. Өз билемдике салып өлкөнү каалагандай калчап мамлекетти талкалабаганда азыр экс-президент катары Жээнбеков, Отунбаевалардын жанында басып сый-урмат көрүп отурмак эле. Эми Атамбаев пейилинен көрсүн. Элдер Ош окуясында кырылып өлүп жатканда, Дача-СУ окуясы болгондо келип койсо болмок. Ал кишинин бүгүнкү кадамы жакшы дейли, бирок бүгүн ал элдин баркын түшүндү болушу керек, - дейт Урмат Акунов.
Булак: NazarNews.kg