www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгер АКШ Ирандан уранды байытуудан баш тартууну талап калсы, анда Вашингтон менен өзөктүк келишим түзүлбөйт.
Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Иран-АКШнын Римде боло турган кыйыр өзөктүк сүйлөшүүлөрүнүн бешинчи айлампасынын алдында билдирди.
Министр дагы бир жолу Ирандын тынчтык максатта атомдук энергияга жана уранды байытууга болгон укугун баса белгиледи.
“Эгерде алар биздин элдин тынчтык максатындагы атом энергиясын пайдалануу укугун тартып алгысы келсе, анда эч кандай келишим болбойт деп так айта алам”, – деди ал ирандык телеканалдардын биринде сүйлөп жатып.
Аракчи Римдеги кыйыр сүйлөшүүлөрдүн алдында X социалдык тармагына билдирүү калтырды.
“АКШ менен кыйыр сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасын өткөрүү үчүн Римге кетип жатам. Келишимге жетүү үчүн жол табуу татаал теңдеме эмес: өзөктүк курал жок = келишим бар, байытуу жок = келишим жок”, – деп жазды ал.
ТИМ башчы америкалыктарга кайрылып, “чечим кабыл алуу убактысы келди” деп билдирди.
Андан мурда Аракчи Вашингтондун Тегеран менен өзөктүк сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпаса, АКШ “Б планын” табышы керектигин, ал эми Иран өз жолун улантарын билдирген.
Буга чейин Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи АКШнын анын өлкөсүнөн уран байытуудан баш тартуу талабын жаңылыштык деп атаган.
“Алар Ирандын уранды байытуусуна уруксат бербейбиз деп айтып жатканы чоң жаңылыштык. Эч ким тиги же бул ишке уруксат берүүнү күтпөйт, – деген Хаменеи.
Ирандын жогорку лидери Ислам Республикасынын өзүнүн саясаты жана процесстери бар экенин кошумчалаган.
Мындан эки күн мурда Омандын тышкы иштер министри Бадр Альбусаиди X социалдык тармагында АКШ менен Ирандын ортосундагы кыйыр сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасы 23-майда Римде болорун жарыялаган. Ошол эле күнү Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи Ислам республикасынын сүйлөшүүлөрдүн раундуна катышарын ырастаган.
Иран менен АКШ Омандын ортомчулугу менен буга чейин төрт жолу кыйыр сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Акыркысы 11-майда Оман өлкөсүндө өткөн. Анын жыйынтыгында Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи тараптардын позициялары жакындашканын жана “сүйлөшүү процессинде жылыш бар экенин” билдирген. Ошол эле учурда ал Иран АКШ менен ишенимди түзүү үчүн уранды байытуу деңгээлин жөнгө салууга даяр экенин, бирок байытуудан толук баш тартууга ниети жок экенин баса белгилеген.
Тегеран менен Вашингтондун кыйыр сүйлөшүүлөрүнүн биринчи жана үчүнчү айлампасы 12 жана 26-апрелде Оманда, экинчиси 19-апрелде Римде өткөн. Сүйлөшүүлөргө Иран тараптан Тышкы иштер министрлигинин башчысы, америкалык тараптан АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф катышууда.
2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.
Булак: "eurasiatoday.ru"