www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жакын арада Германияга элчи боло тургандыгы тууралуу сөздөр тарады. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү ЖМКдын бирине Жогорку Кеңештеги өздүк булактары маалымдаган.

Анда белгилүү болгондой аталган талапкердин тагдыры эртең 17-мартта профилдик комитетте каралат.

Буга чейин Тышкы иштер министри болуп 6 жыл эмгектенген Эрлан Абдылдаевдин отставкасын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев убагында “Ал кишинин кетишине биринчиден коомдо талкуу болуп жаткан маселелер түрткү болду деп ойлойм. Аны коррупцияга малынды деп айта албайм, себеби учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Экинчиден, ал киши моралдык жагын дагы карады. Дипломат, мамлекеттик кызматкер катары өзү иштеп жаткан министрликте айтылган ушак-айыңдарды эске алды. Тартип көргөн мамлекеттик кызматкер катары кетти деп ойлойм", - деп билдирген өкмөт башчы.

Ал кезде коомдо Тышкы иштер министрлигинин бир катар дипломаттарына байланышкан ызы-чуу орун алган. Айтсак, КРдин Стамбулдагы консулдугунда, КРнын Түштүк Кореядагы элчилиги, КРнын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдугундагы кыңыр иштер коомчулукка тараган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости