www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери автоунааны буту менен башкарып, Жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган айдоочунун өздүгүн аныкташты.
Текшерүүгө Instagram социалдык тармагына жарыяланган видео себеп болгон. Видеодо айдоочу унаа бара жатканда колун рулдан алып, унааны буттары менен башкарып, өзүнүн жана жол кыймылынын башка катышуучуларынын өмүрүнө коркунуч келтиргенин көрүүгө болот.
Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, тартип бузуучунун өздүгү такталды. Унаа айып короосуна токтотулуп, айдоочуга карата укук бузуу тууралуу протокол түзүлдү. Милициядан мындай аракеттер жол-транспорт кырсыктарынын келип чыгышына реалдуу коркунуч туудуруп, оор кесепеттерге алып келишин баса белгилешти.
Топтолгон материалдар сотко жөнөтүлөт. Ал жерде тартип бузуучуну унаа башкаруу укугунан ажыратуу маселеси каралат.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактоо керектигин жана социалдык тармактар үчүн кызыктуу видео тартуу максатында айланадагылардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбөө керектигин эскертет.