www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокен райондук ветеринардык, фитосанитардык жана карантиндик көзөмөл кызматынын инспекторлору Масы дыйкан базарындагы эт сатуу жайларына мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгында этти сактоо жана сатуу боюнча санитардык-гигиеналык талаптар негизинен сакталганы аныкталды.

Ошондой эле сатылып жаткан эт азыктары тиешелүү ветеринардык коштоочу документтер менен камсыздалганы белгиленди.

Мониторинг учурунда айрым соода түйүндөрүндө тазалыкка байланыштуу майда кемчиликтер аныкталып, алардын ээлерине оозеки эскертүүлөр берилди.

Мындан тышкары, базарда сатылып жаткан мөмө-жемиштердин нитраттык көрсөткүчтөрү да текшерилип, бардык алынган үлгүлөр белгиленген санитардык нормаларга жооп берери аныкталды.

Адистер мындай көзөмөл иш-чаралары азык-түлүктүн коопсуздугун камсыздоо жана калктын ден соолугун коргоо максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн белгилешти.

Последние новости